Кыргызстандык спортчу тай бокс боюнча чемпиондук курду утуп алды

Кыргызстандык спортчу, тайбоксчу Тимур Чуйков Таиландда өткөн тай бокс боюнча эл аралык турнирде 57 килограммга чейинки салмакта чемпион аталды.

Кикбоксинг боюнча шаардык федерациядан билдиришкендей, турнир Таиланддын Пхукет шаарында өткөн.

Тимур Чуйков титулдук беттеште 57 килограммга чейинки салмактагы учурдагы чемпион, АКШлык спортчу Мбария менен беттешип, жыйынтыгында кыргызстандык спортчу атаандашын техникалык нокаут менен утуп алган.

Белгилей кетсек, Тимур Чуйков биринчи ирет тай бокс боюнча професиионалдык беттешке чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД