Борбор калаада жол боюнда соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд жүрүүдө

Бишкек шаарында унаа каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жаратып жол боюнда соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында унаа каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жаратып жол боюнда соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейддик иш-чара уюштурулууда.

Рейддин жүрүшүндө жолдо унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жол боюнда өз алдынча көмүр, күйүүчү май саткан учурларга басым жазалып, мыйзамсыз сатып жаткан жарандарга карата профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучтуу экендигин көрсөтүп беришти. Ал эми унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан учурларына аыйп протоколдорун толтурушту.

Жол боюнда соода сатык кылуу Кыргыз Республикасынын жолдор боюнча мыйзамы тыюу салаарын жана көрсөтүлгөн убакыттын ичинде алынып салынбагандар үчүн 3 миң сомдон айып салынаарын эскертишти.

Рейддик иш-чара 10-январына чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД