ТИМ: Казакстандагы тополоңго кыргызстандыктар катышкан эмес

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын башкы прокурорунун "2022-жылдын январь айында болгон тополоңго кыргыз жарандары катышкан деп шектелүүдө" деген билдирүүсүн кескин түрдө четке какты.

"Министрлик Казакстандын башкы прокурорунун "өткөн жылдагы башаламандыкка кыргызстандыктар да катышкан" деген билдирүүсүн толугу менен четке кагат. Ошол эле учурда массалык башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргызстандын эки жараны шарттуу түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Экөө алардан көз каранды болбогон жагдайда капысынан башка эпизодго кириптер болуп калышкан. Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденген эмес.

ТИМ жана анын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү тарабынан башаламандык болуп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар тараптуу иштер аткарылган", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги ал учурда тез аранын ичинде башаламандык болгон аймактардан 600дөн ашуун кыргызстандык эвакуацияланганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов Мажилисте 2022-жылдын январь айында болгон массалык башаламандыктарга чет элдик жарандардын катышканын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД