Бишкекте 3 жашар баланын өлүмүнөн кийин тергөө изоляторуна киргизилген 5 дарыгер үй камагына чыгарылды.
Белгилүү болгондой, Ленин райондук соту 5 дарыгерди 18-февралга чейин үй камагына чыгарды.
Эске салсак, 3 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу эки оорукананын дарыгерлери 10-январга чейин камакка алынган. Дагы бир дарыгер үй камагына чыккан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси ("Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу") менен айыпталышууда.