Караколдо эл аралык кышкы туристтик жарманке ачылды

Караколдо 5-январда, KARAKOL FAIR эл аралык туристтик жарманкеси башталды. Жарманке Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында өтүүдө. Жарманке 5-6-7-январь күндөрү саат 11:00дөн 21:00гө чейин уланат.

Иш-чараны уюштурган "Дестинация Каракол" уюмунун маалыматына караганда, былтыр бул жарманкеге жалпысынан 4,5 миңдей адам катышкан, быйыл 5000дей адам катышары күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД