100 гектардан ашык жерди ээлеп алган. Нарында УКТ мүчөсү кармалды

Нарын облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-январында КР УКМК тарабынан Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Ы.А. кармалган.

"Тергөө жүрүп жаткан Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин жамааттык арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылы жеке жактарга кайра сатуу максатында өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган адам А.Ы.А. кармалды.

Андан соң аталган А.Ы.А. аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн физикалык күч колдонуу менен коркуткан. Белгилей кетсек, кармалган А.Ы.А., 2022-жылдын декабрь айында Кочкор РИИБнин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ш.Н.О.нун Кочкор районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелинет",-деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД