Бишкекте №9 троллейбустук каттам 2 айга ишин токтотту

Бишкекте №9 троллейбус 2 айга өз ишин токтотту.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, "Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсү боюнча, Красный көчөсүнөн баштап Л. Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.

Ошол себептен, 2023-жылдын 6-январынан тарта #7 троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт.

Ал эми 9-маршруттук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2-айга уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД