Бишкекте кыз ала качууга шектелип 30 жаштагы 2 жигит кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектелип 2 жаран кармалды.

Ленин РИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 27-декабрында 21 жаштагы К.Н. милицияга арыз менен кайрылган. Ал муз аянтынан үйүнө жеткирип коёбуз деп, ала качып кеткен Ч. жана К. аттуу жигиттерге чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты 172-берене (Никеге туруу максатында ала качуу) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Шектүү катары М.Ч. жана Б.К. аттуу 30 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД