Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен деп Howo унаасынын айдоочусу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-январында болжол менен саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал авто жолунун 22-чакырымында белгисиз авто унаа белгисиз жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен.

Натыйжада, болжол менен 35-40 чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары, "Schmitz PR 24 (Howo)" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А. аттуу айдоочусун кармашып, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочуларга кайрылып, жол унаа кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, андай учурда тезинен "102" кызматына кабарлоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД