Алыскы аймактарга каттаган таксисттерге аларды каттаган журналдар ачылат

Алыскы аймактарга каттаган таксилерде аларды каттаган "журналдардын" болуусу тийиш. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Аламүдүн, Ош базарларындагы жана Автобекеттердеги алыскы аймактарга каттаган такси айдоочулары менен жолугуп, буга чейин таксилерди каттоо үчүн ачылган журналдардын болушун жана анын толтурулушун көзөмөлгө алууда.

Буга чейин көпчүлүк алыскы аймактарга каттаган айдоочулар бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, толук уктабай, чарчаган абалда психологиялык жактан даяр болбой, авто унаасынын техникалык абалына да жетишээрлик көңүл бурбастан жолго чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратып келген.

Журналдардын ачылышы менен, каттамга чыгып жаткан айдоочулардын толук аты жөнү, каттамга чыгуу жана келүү убактысы, унаасынын мамлекеттик номурлары жазылып, түзүлгөн графиктин негизинде гана жолго чыгуулары техникалык көзөмөлдөө бөлүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Мындай текшерүү жана көзөмөлдөө иш-чаралары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД