Кыргызстандын аймагында 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ӨКМ алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоону эскертет.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.