Камбар-Ата-1 ГЭСин үч өлкө биргелешип курат

2023-жылдын 6-январында Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, долбоорду ишке ашыруудан биринчи үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болуусуна басым жасалды. Андан соң тараптар "Камбар-Ата-1" ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту.

"Камбар-Ата-1" ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына Кыргызстандын энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмүкеевич, Казакстандын энергетика министри Акчулаков Болат Уралович, Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов Журабек Турсунпулатович колду койду.

Маалыматка ылайык, "Камбар-Ата-1" ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында "Камбар-Ата-1" ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.

"Камбар-Ата-1" ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте "Камбар-Ата-1" ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Бүгүн биз "Камбар-Ата-1" ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт", - дейт министр

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД