Чаткал районунда кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында көлөмү 7725 м3 түзгөн кар көчкү түштү.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, каттам эки тараптуу жабылган.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында бир 1 жүктөгүч тартылган.

Учурда жолду толук ачуу иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД