Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

9-11-январь аралыгында тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк, Чапчыма ашуусу жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү коркунучу болуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кошумчалай кетсек, 9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД