Кыргызстандыктар үчүн Кытайга кирүүнүн тартиби өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн Кытайга кирүүнүн тартиби өзгөрдү. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен бүгүн, 9-январдан тартып өзгөртүүлөр киргизилет.

Учурда кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркештам" көзөмөл пункту жарандарды өткөрө баштады. Эскерте кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза алышы керек. Ал эми "Торугарт" өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга транспорттук каттамдарды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритмге ылайык ишин улантууда.

Кытайга бара жаткан жарандар үчүн:

Кытай Эл Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен саламаттыгы тууралуу атайын QR-кодун алуу талабы жокко чыгарылды;

Кытайга киргендердин баарына милдеттүү ПЦР-тесттен өтүү жана жамааттык байкоо жүргүзүү талаптары жокко чыгарылат;

48 сааттын ичинде жасалган COVID-19 тестинин терс жыйынтыгы болушу шарт;

Учак менен бара жаткан жүргүнчүлөр учакка отургандан тартып, Кытайга жеткенге чейин беткап тагынууга милдеттүү;

Бардык жүргүнчүлөр бажы декларациясын толтуруп жатканда саламаттыгы боюнча тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек;

Декларацияда өзүн жаман сезген же дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилери бар экенин көрсөткөндөр бажыда антигенге анализ тапшырышат. Эгер оң жыйынтык чыкса, ден соолугуна жараша айыкканга чейин же медициналык мекемеде дарыланмайынча үйүндө карантинде болуу сунушталат.

Чек арадан өтүүдөгү суроолор боюнча 0 312 88 16 18 жана 0 312 54 38 36 телефондору аркылуу байланышса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД