Венгрия жана Кытай ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүүдө

Келерки 2023-2024-окуу жылында Венгрия жана Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн сынактык тандоого катышууга документтерди кабыл алуу 15-январга чейин уланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына Венгриянын окуу жайларына бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн гранттык орундар берилет.

Венгриянын стипендиялык программасы жана Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуунун шарттары жөнүндө толугураак маалыматты министрликтин сайтынан алса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД