Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, синоптиктер Кыргызстанда 11-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөй тургандыгын эскертишкен.

Эске салсак, сасык тумоонун күч алышынан улам балдар 2022-жылдын 14-28-декабрына чейин аралыктан окууга өтүшкөн. Ал эми 30-декабрдан 10-январга чейин кышкы каникулда тарашкан, 11-январдан тарта бардык мектептерде окуу кадимки режимде башталышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД