ЖКККББнын атайын адистештирилген ротасы сутка ичинде 12 мас айдоочуну кармады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-8-январь күндөрү КР ИИМдин ЖКККББнын атайын адистештирилген ротасы Караколл, Чолпон-Ата, жана Балыкчы шаарларында "За рулем" аталышында рейддик иш-чаралды өткөрүп, 107 жол эреже бузуу фактыларын аныктады.
Алардын ичинен;
-Мас абалында транспорт каржатын башкаруу 12 факты;
-Жасалма номур менен авто унаа каражатын башкаруу 1 факты;
-Документтери жок унаа каражатын башкаруу 7 факты;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 87
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 14 айдоочу убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.