Бишкекте троллейбустардын кыймылы "Менин шаарым" тиркемесине жайгаштырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиркемеде троллейбустардын каттамдары, акыркы аялдамалары көрсөтүлүп жана керектүү троллейбус кайда келе жатканын көрүүгө болот.
Тиркемени Play Market'тен жүктөп алууга болот.