Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу авиакаттам ачылат

Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы келерки айда Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Манас" эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылмакчы.

Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап, ар жекшемби сайын аткарылары күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД