ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун II туру башталды

2023-жылдын 9-январында жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун II туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абитуриенттер сайтта катталгандан кийин ЖОЖду, багытты тандап, ЖРТнын электрондук талонун 11-январь күнү саат 14:00гө чейин тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 12-январь күнү саат 9:00дөн 14-январда саат 16:00гө чейин системада тандалган ЖОЖдо окууга болгон каалоосун тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

Биринчи турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктады.

Жалпысынан 40 университет 37 миң 567 абитуриентти кабыл алууну мерчемдеген. "Абитуриент онлайн" маалымат системасына 1111 адам кошулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД