Ызгаардуу суукта "Бишкек жарык" ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ызгаардуу суукта "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошумча авариялык бригадалар түзүлүп, нөөмөтү күчөтүлдү.

"Кандайдыр бир көйгөй жаралса жарандар (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115 номерлери аркылуу кайрыла алат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД