Суукка байланыштуу "Бишкек жылуулук тармагы" күчөтүлгөн режимде иштейт

Аномалдуу суукка байланыштуу "Бишкек жылуулук тармагы" күчөтүлгөн режимде иштейт.

"Электр станциялар" ААКтын филиалы "Бишкек жылуулук тармагы" учурда штаттык режимде иштөөдө.

"Абанын температурасынын бир топ төмөндөшүнө байланыштуу ишкананын кызматкерлери борбор калаанын тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого даяр. Нөөмөттүк графиги күчөтүлүп, кошумча ыкчам топтор түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Авария же жылуулук менен ысык суу берүүдөгү көйгөй жаралса "Бишкек жылуулук тармагынын" керектөөчүлөрдү колдоо борборунун номерлерине: 1980, (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 кайрылууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД