Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин киргизилди.

Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД