Бак-дарактар ​​кулаган учурда кайда кайрылуу керек?

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бак-дарактар ​​кулаган учурда кайда кайрылуу керектигин эскертти.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын күтүлүүдө. Өз кезегинде, бак-дарактар калың жааган карды көтөрө албай калышы мүмкүн.

"Мындан улам унааңыздарды бак дарактардын астына (түбүнө) токтотпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ишкананын жумушчу бригадалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бак-дарактар жана бутактар кулап калган учурда төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0504210600, 37-53-30


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД