2022-жылы 207,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 3,7 млрд сомго ашыгы менен аткарылып, бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Анын ичинде 156 млрд 338,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147,9%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 51 млрд 563,3 млн сомду түзүп, план 3 млрд 18,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 млрд 184,7 млн сомго көп (өсүү ыргагы 134,4%).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД