Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө саат 12:00дөн баштап алынган.

Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД