Айдоочулар жолго чыгаарда "112" кызматына чалып, маалымат алып алуусу зарыл

Айдоочулар жолго чыгуу учурунда "112" кызматына чалып, маалымат алып алуусу зарыл. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, алыскы аймактарга каттаган жана шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын айдоочуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен унаалардын техникалык абалын көзөмөлгө алууда.

Текшерүү учурунда транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн, терезе арчыгычтаран, кыймылдаткыч майларын, унаанын ичин жылытуучу каражаттарынын оң абалда болуусун жана түнкүсүн жарык берүүчү фараларынын иштөөсүнө көңүл бурулуп, аныкталган кемчиликтер жеринен орундатылды.

Ошондой эле кызматкерлер тарабынан айдоочуларга алыскы аймактарга чыккан учурда "112" номуруна чалып, жолдун абалы тууралу толук маалымат алып, анан жолго чыгууну эскертишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД