Бир күндө "Коломто" муниципалдык баш калкалоочу жайына белгилүү жашаган жери жок 27 жаран жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу суук түшкөнүнө байланыштуу милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери белгилүү жашаган жери жок адамдары издеп таап коопсуздугун камсыз кылышып профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө.
"Коломто" баш калкалоочу жайда аларга медициналык жардам, ысык тамак жана жылуу төшөк берилет. Өз кезегинде туруктуу жашаган жери жок жарандар инспекторлорго көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.
Учурда башкармалыктын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жол кыймылынын коопсуздугун жана борбор калаанын тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугун камсыз кылышат.