МАИчилер "Тазалыктын" кызматкерлерине ысык кофе менен булочка таратышты

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" кызматкерлерине ысык кофе менен жумшак булочка таратышты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери катуу суукта жолдорду тазалап жаткан Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" иш-канасынын кызматкерлерине ысык кофе менен булочка таратышты.

"Максатыбыз бир. Биз ЖКККББнын кызматкерлери жолдун коопсуздугун көзөмөлдөсөк, сиздер жолдун тазалыгын камсыздап жатасыздар.

Суукту чогуу жеңебиз! Аба ырайынын катаал кырдаалында жол тармагында кызмат өтөп жаткан жалпы кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД