Өлкөдө он күндүк рейд учурунда 319 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып, 10-январына чейин КР ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы өлкө аймагынад "За рулем" аталышында рейддик иш-чара өткөрүп, 15 853 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Алардын ичинен:
-Унаа каражаттарын тийиштүү документтери жок башкаруу -294 ;
-Мас абалында транспорт каражаттарын башкаруу -319;
-Ылдамдыкты ашырып айдоо -2663;
-Жол белгилерине баш ийбөө -5443;
-Каршы тилкеге чыгуу -350;
-Авто ээнбаштык -8 ;
-Төлөнбөгөн айып пулдары үчүн, унаа башкаруудан четтетүү 306;
-Башка жол эреже бузуулар -6470
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.