Жаш кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

ЖКККББнын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 9-январында болжол менен саат 07:10 чамасында, белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Жибек Жолу көчөсүнөн күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын Издөө бөлүмү Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары "Тойота" үлгүсүндөгү авто унаанын 1974-жылы туулган У.Н. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, өткөрүп беришкен.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочуларга кайрылып, жол унаа кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, андай учурда тезинен "102" кызматына кабарлоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД