Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабык

Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабык. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 18-февралындагы саат 09:00гө чейинки маалыматка ылайык, азыркы убактаБишкек-Ош жолунун 223-231-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештамунаа жолунун 178-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкууунаа жолунун 96-107-чакырымында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 25-98-чакырымдарында кар көчкүтүшкөндүгүнө байланыштуу аталган унаа жолдордо жол каттамы жабылып, тазалооиштери жүргүзүлүүдө.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымдарында кар көчкүтүшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу республиканын аймагында ар кандай кырдаалдарынөз убагында алдын алуу жана аларга ыкчам чараларды көрүү, материалдык чыгымдаргажана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында, унаа жолдордогу коопсуздукту камсыздооүчүн, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен унаалар кыймылы чектелип жатат.

Ошондой эле айдоочуларды зарылчылык болбосо алыскы жолдорго чыкпай туруугачакырабыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД