ЖКККББ өлкө аймагындагы жолдордун абалы боюнча жалпы маалымат таратты.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постту таңкы саат 05:00дө оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылган.
Төө-Ашуу ашуусунун 124-129-чакырымдарында жолдорду тазалоо, инерттүү каражаттарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Нарын облусунун Бишке-Торугарт унаа жолунун 275-313-чакырымдары жана Акталчак-Казарман унаа жолунун 26-98-чакырымдарында каттам жок. Жол жабык.
Ал эми, Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто жолунун 98-чакырымынан 107-чакырымына чейин жолдорду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 265-чакырымына чейинки жол азырынча жабык. Ачылганда кошумча маалымат берилмекчи