Бир жылда үч жолу жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырат

Мындан ары төмөнкү бир жылдын ичинде үч жолу кайталап, жол эрежелерин бузган айдоочулар кайрадан экзаменге жөнөтүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдиргендей, ушул жылдын 8-мартынан тартып, (38-1-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүүгө ылайык) бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

Алар:

-Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөсү жок башкаруу;

-Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;

-Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40км/сааттан көп, 60км/сааттан көп эмес. 2. 60км/сааттан ашуусу)

-Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;

-Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;

-Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;

-(193-3б.) Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД