Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды

Республиканын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында 2023-жылдын 28-февралынан тартып, 10-мартка чейин, авто унаанын маңдайкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга карата "Караңгылатуу" (тонировка) аталышында рейддик иш-чара жүргүзүлөт.

Аныкталган баардык укук бузуулар фото видеого жаздыруу менен массалык маалымат каражаттарына профилактика иретинде чагылдырылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД