Ысык-Көлдө эки кой уурдаган деп 24 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кой уурдаган айдоочуну кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-мартында Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөө учурунда, Тоң районун Көңдөй участогунан кашарынан эки кой уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Ошол учурда, кызматкерлердин кыраакылыгынын натыйжасында, болжол менен саат 20:30 чамасында ак түстөгү "Subaru Forester" үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп текшерүү учурунда, 1999-жылы туудган О.Р. аттуу айдоочусу авто унаанын арткы багажнигине эки баш кой салып, уурдап бара жаткандыгы аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары кармалган айдоочусу жана жүргүнчүсү Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө андан ары тийиштүу чара көрүү үчүн жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД