Эртеңден тарта Бишкек менен Чүйдө көчмө АПКлар иштеп баштайт

Эртеңки күндөн тартып, көчмө АПКлар иштеп баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында эртеңки күндөн тартып, Бишкек жана Чүй аймактарында көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштеп баштайт.

Буга чейин, аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулуп, коомчулукка маалымат берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД