ЖКККББ: Коррупцияга тиешеси бар кызматкерлерден тазалануу улана бермекчи

Коррупциялык жосундарга жол берген кызматкерлерден тазалануу буга чейин да жүрүп келген, мындан ары да уланат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында ачык жана жабык текшерүү иштери байма-бай жүргүзүлүп, жер-жерлерде өздук курам менен иштөө жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Кызматкерлердин тартиби, кызматынын натыйжасы жана көп жылдык тажрыйбасы көзөмөлдөнүп, аларды ротациялоо иштери уланып келүүдө.

Ал эми ЖКККББнын ишмердүүлүгүнүн кадыр баркына доо кетирип, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык элементтерге жол берген кызматкерлерден тазалануу азыркы учурда да уланууда.

Акыркы он күндү ала турган болсок, жалпы өлкө аймагында 63 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылган.

Алардын ичинен коомчулукта чуу жараткан фактыларга токтоло турган болсок, "Сосновка" посттундагы Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин катышуусундагы орун алган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жалпы 7 кызматкер Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулуп, бир кызматкер тартиптик жазага тартылып, баардык чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн, прокуратура органдарына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Бишкек шаардык кайгуул кызматынын кызматкеринин акча алуу фактысы менен соц. тармактарга чыккан видео материалы боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында, бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, үч кызматкер тартиптик жазага тартылган.

Ал эми социалдык тармактарда Чүй ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлерине карата Б.М. аттуу жарандын арызынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, төрт кызматкер ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Ал эми эки кызматкер тартиптик жазга тартылып, аталган кызматкерлердин кыймыл аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн, чогултулган материалдар прокуратура органына жөнөтүлдү.

Азыркы учурда, КР ИИМдин ЖКККББнын ишмердүүлүгүнө доо кетирген кызматкерлерден тазалануу иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД