Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, жол кырсыктарынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга азайууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-мартынан тартып, күчүнө кирген жаңы жол эрежелерине ылайык, 8 күн ичинде жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга кыскарган.
Талдоо менен алып карай турган болсок;
2022-жылдын 8-мартынан бүгүнкү күнүнө чейин, өлкө аймагында 213 жаран жол кырсыгынан жаракат алышса, быйыл ушул эле убактытта 188 жаран жол кырсыган ар кандай жаракаттарды алышкан. Демек 12 пайызга азайган.
Эскерте кетсек, 8-марттан тартып күчүнө кирген эрежелерге ылайык, жол эрежелеринин баардык түрү азайууда.