Айып пул көбөйгөнү ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын саны азайды

8-марттан тартып, күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын саны кескин азайууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып, өлкө аймагында ылдамдыкты ашырып айдап, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коопту абал жараткан айдоочулардын саны 15 пайызга азайууда.

Анын себеби, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга карата жоопкерчиликтин күчөтүлүшү, тагыраагы мурда транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп ашкан учурда 5500 сом болсо, жаңы киргизилген айып пулдарга ылайык, 7500 сомго жогорулагандыгы.

Ал эми буга чейин транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу 5500 сом болсо, азыркы учурда 15 000 сомго айып пулдардын жогорулагандыгы себеп болууда.

Бүгүнкү күндө жаңы өзгөртүү киргизилген эрежелерге ылайык, одоно бузулган жол эрежелеринин баардык түрлөрү азайууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД