Өлкө аймагында "Переоборудование" рейди жүрүүдө. 146 автоунаа кармалды

Өлкө аймагында "Переоборудование" рейди жүрүүдө. 146 авто унаа кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 28-марттан тартып, 15-апрелге чейин, өлкө аймагында унааларын мыйзамсыз кошумча бак, багаж, тент, газ жана башка жабдуулар менен жабдыктап алган айдоочуларга карата рейддик иш-чара жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда 146 авто унаа аныкталып, баары убактылуу токтотуучу айып короо токтотулуп, 5500 сомдон айып салынды.

Авто унаалар мыйзамсыз орнотулган жабдууларын чечип алмайын айып короо жайынан чыгарылбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД