ЖКККББ: Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы 11 пайызга азайган

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы 11 пайызга азайган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-апрель күнү Каракол шаарындагы Ысык-Көл ОИИБдин жыйындар залында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда Ысык-Көл облустук ЖККК бөлүмүнүн 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу боюнча атайын ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн ыкчам кеңшмеде 2023-жылдын 3 ай ичинде Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы катталган жол кырсыктарынын саны былтыркы 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -11,1%га, жаракат алгандардын саны -18,8%га, ал эми балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 11 (11) болуп былтыркы жылдын көрсөткүчү менен бирдей абалда болсо, жаракат алган балдардын саны -14,2%га кыскаргандыгы белгиленди.

Ошону менен бирге жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы 3 ай ичиндеги аткарылган иштер менен бирге өздүк курамга - кызмат өтөө учурунда айдоочулар менен сылык мамиледе болуу, жардамга муктаж болгон жарандарга тиешелүү жардамдарды берип, жеринде сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү жана өзгөчө көңүлдү жол эрежелерин одоно бузуп, жол кырсыктарына шарт түзгөн айдоочуларга буруу экендиги кошумча түшүндүрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД