"Автоураган" Нарында. 4 саатта 27 автоунаа айып аянтчасына киргизилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жетекчиликтин тапшырмасы менен Нарын облусунун аймагында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзгөн. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, рейд учурунда, төрт сааттын ичинде эле 102 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаргандар 4 айдоочу (баары чоң кызматтарда иштегендер).

-Тийиштуу документтери жок -1 авто унаа;

- мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) -5 авто унаа;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган -1 авто унаа;

-"Автоураган" аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн, ж.б.) жол эрежесин бузган 13 авто унаа аныкталган.

-Башка жол эреже бузуулар 78.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 27 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД