Талас районунда элди алдап акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.
Басма сөз катчынын берген маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь айынан баштап Талас РИИБге алдамчылык фактысы менен Талас районунун Көк-Кашат, Көк-Ой, Козучак, Кумарык, Бал-Бал, Кара-Суу айылдарынын тургундарынан арыздар байма-бай түшүп турган.
Арыздын негизинде ар бир факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иштери боюнча тергөө башталган. Талас РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү кармалган. Ал Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 1986-ж.т. Р.К. аттуу жаран экендиги жана ал мурда дагы алдамчылык кылмыштары менен соттолгондугу аныкталган.
Текшерүү учурунда, ал Талас ТВ жергиликтүү теле каналы аркылуу арзан баада солярка жана ун алып берүүнү, кымбат баада фасоль алууну сунуштап, телефон номери аркылуу элдерди ишендирип "О деньги тиркемеси" менен акча котортуп алган. Бүгүнкү күндө жалпы 9 факты элдерге келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү 54 миң сомду түздү.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.