Таласта "Селсаяк" рейди жүргүзүлдү

Таласта "Селсаяк" рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

Басма сөз катчынын берген маалыматына ылайык, Талас ШИИБдин Балдар менен иштөө кызматкерлери жана шаардын вице-мэри Мира Сейдикеримова менен биргеликте "Селсаяк" шарттуу аталышындагы рейди жүргүзүлдү.

Рейд Талас шаарынын борбордук базарында тилемчилик кылган жарандарды текшерүү менен башталды. Бул рейддин максаты үй-бүлөлүк зомбулукту жана тилемчилик кылган жарандарын санын азайтууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоо, алдын алууга багытталды. Турак үйлөрдүн жер төлөөлөр да текшерилип, окуу жайларга келбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай рейддик иш-чаралар облустун бардык райондорунда өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД