Баткенде чуркоо боюнча мелдеш өттү

Баткен шаарында кыз-келиндер жана эркектер арасында чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Бул туралуу

облусуттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма-сөз кызматы билдирет.

Анын билдирүүсүндө, спорттук иш чара калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамына жана Кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш чара Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Улуттук Банктын Баткен облусундагы филиалы жана ЮСАИДдин "Мыкты азыктануу долоору" менен биргеликте өттү.

Мелдешке 300гө жакын спорт сүйүүчүлөр катышып, жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Даярдаган: Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД