Ак-Суу районунда 2500дөн ашуун адам манас айтты

Бүгүн 4-май, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында манас айтуу өтүүдө. Өлкө башчы С.Жапаров "Манас" эпосун элге кеңири жеткирүү жарлыгын кабыл алган. Ушул жарлыктын негизинде Кыргыз улуттук "Манас" театрынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан "Урааным Манас" аталышындагы топ менен Манас айтуу республикалык сынакка Ак-Суу району катышты. Сынакка болгону 1 жума даярданышкан.

Салтанат Ак-Суу районунун билим берүү башчысы Жапаров Алтынбек Дүйшеевич манасчыларды тосуп алуусу менен башталды.Андан соң жалпы 2500дөн ашуун адам хор менен 3 минута манас айтты. Иш-чарага атайын калыстар тобунан сырткары райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары М.Дорбаев,Г.Суранчиева , райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Б.Асангазиев,ардагер мугалимдер, Шайыр апалар, маданият кызматкерлери чакырылган.

Сынакка жалпы Ак-Суу районунун 35 мектебинен 850 мугалим жана 1602 мектеп окуучулары хор менен манас айтты. Анын ичинен 18 мугалим жана 20 окуучу А.Истамбеков мектебинен катышышты.

Даярдаган:Асимканова Жазгүл


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД