Эмгек укуктарын камсыз кылуу деңгээли бизнестин жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат, ал эл аралык уюмдар мамлекеттин адам укуктары жаатындагы эл аралык таанылган стандарттарга берилгендигин баалоо критерийи, экономиканын тигил же бул секторунун инвесторлор үчүн туруктуулук же туруксуздук жөнүндө белгиси болуп саналат. Бирок эң негизгиси адамдардын жыргалчылыгы, алардын кадыр-баркына болгон ишеними эмгек укуктарын камсыз кылуунун деңгээлинен түздөн-түз көз каранды.
Кыргызстанда жумушчулардын укуктарын коргоону Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы ишке ашырат. Бөлүм 2021-жылдын 17-декабрында түзүлгөн. 2022-жылдын май айынан бери ведомство узак убакыттан бери мораторий жарыяланган эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүүнү кайрадан баштады.
Эмгек мамилелери чөйрөсүндө адам укуктарын коргоо жаатында жетишилген жыйынтыктар тууралуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппаратынын бөлүмүнөн айтып беришти.
Эмгек укуктары бузулган учурда кимге кайрылуу керек?
Ведомство эмгек укуктары бузулган жарандарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына өз убагында кайрылууга чакырат.
"Эгерде жарандардын эмгек укуктары бузулган болсо, алар бизге кайрылса болот. Биз мыйзамдын негизинде иш алып барабыз, эгерде аларда эмгек келишими жок болсо, иш берүүчү, эгерде алар кызматкерге иштөөгө уруксат берсе, анда Эмгек кодексинин 57-беренесине ылайык келишим түзүлгөн деп эсептелинет", - дейт Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Кубаныч Сыргабаев.
Анын айтымында, эмгек келишими түзүлбөгөн учурларда да жарандар жардам сурап бөлүмгө кайрылса болот.
"Чынын айтсам, мекендештерибиз абдан ишенчээк, өз укуктарын билишпейт. Бул жерде мен жөн гана университеттин деңгээлинде аларга эмгек мыйзамдарын билүүнү сунуштайт элем, жада калса мектепте эмгек укуктарынын бузулушуна бөгөт коюу сабагы болсо. Анткени келечекте адамдар өз укуктарын билбегендиктен, жумушка орношууда, иштөө процессинде аларга абдан кыйын болот, ошондуктан жардам сурап кайрылышпайт", - дейт Сыргабаев.
Эмгек акыны каалаган убакта кайтарып берүүгө болот
Ал белгилегендей, Эмгек кодексинин 314-беренесине ылайык, эмгек мыйзамдарында эмгек акыга байланыштуу маселелерде доонун эскирүү мөөнөтү жок.
"Мурда кайсы бир уюмда иштеген жаран 30 жылдан кийин да биздин Кызматка кайрылып, мурдагы иштеген жеринен айлык маянасын талап кыла алат", - дейт Кубаныч Сыргабаев.
Чыныгы жашоодогу эмгек акыны төлөбөй коюу учурлары
"Айлык төлөнбөй калган прецедент болгон, бул биздин кызматка түшкөн алгачкы кайрылуулардын бири. Мен бир адамга 780 миң сом өлчөмүндө эмгек акыны төлөтүп алууга жардам бердим. Иш берүүчү бул адамга бир нече айдын эмгек акысын төлөп берүүгө убада кылган. Жаран аны толук алты ай бою ала алган эмес. Ал адам бардык органдарга кайрылган, бирок ал үчүн бул оор мезгилде "мен жазам, эч нерсе өзгөрбөйт, баары ошол бойдон калат" деген ой менен биздин бөлүмгө арыз жазды, бирок мен бактыга жараша ушул сумманы төлөтүп, мекендешибизге эмгек акысын алып бере алдым", - деп Сыргабаев жылмаюу менен эскерет.
Эмгек мыйзамдарын сактоону көзөмөлдөө: текшерүүлөрдүн түрлөрү
2022-жылы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына 996 кайрылуу түшүп, 816 текшерүү жүргүзүлгөн. Калган кайрылуулар тармактык ведомстволорго жөнөтүлдү.
Текшерүүлөрдүн түрлөрү:
● Пландаштырылган текшерүү,
● Пландан тышкаркы текшерүү,
● Контролдук текшерүүлөр,
Пландык текшерүү – кварталдык отчеттун негизинде кайсыл аймактарды текшеребиз деп карап, анан Экономика министрлигинен буйрук алып, ошонун негизинде пландык текшерүү жүргүзөбүз.
Пландан тышкаркы текшерүү – берилген арызга ылайык жүргүзүлөт, б.а. ишканада иштеген адам келип, мыйзамдуу укуктары бузулгандыгы тууралуу милдеттүү түрдө арыз жазат. Анын билдирүүсүнүн негизинде биз Экономика министрлигинен буйрук алып, текшерүү жүргүзөбүз. Бул текшерүүнү жыйынтык-контролдук текшерүү менен жыйынтыктайбыз.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган эреже бузууларды каттайбыз, андан кийин бул эреже бузуулар четтетилгенби же жокпу текшеребиз. Андан кийин контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүлөт.
Эгер адам кырсыкка учурады деген билдирүү келсе, биздин кызмат тергөө ишин баштайт. Бул иликтөө биздин кызматтын буйругуна ылайык жүргүзүлүүдө.
Кырсыктар боюнча иликтөөлөр
2022-жылы Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы 110 иликтөө жүргүзгөн. Алардын ичинен ишкердик субъекттеринде 79 кырсык болгон. Жумуш ордунда болгон кырсыктардан 132 адам жабыркаган, алардын ичинен 64ү оор жаракат алган, 51 учурда өлүмгө алып келген, анын ичинде 4 аял, 13ү топтук кырсыктар болгон.
Анын айтымында, 2022-жылы жумуш ордунда алган жаракаттары үчүн ведомство эмгекчилердин пайдасына 330 миллион сомдон ашык суммадагы компенсацияны төлөтүүгө жетишкен. 9 миллион сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акы иш берүүчүлөрдөн кызматкерлердин пайдасына өндүрүлгөн.
"Жумуш берүүчү ар кандай деңгээлдеги зыяндын ордун толтурат. Мисалы, багуучусунан айрылган кырдаалда, жумуш берүүчү Эмгек кодексине жана эмгекти коргоо жобосуна ылайык, багуучусунан айрылгандыгы үчүн компенсация төлөйт. Бир жолку жана ай сайын берилүүчү жөлөкпул", - дейт Сыргабаев.
Иштен мыйзамсыз бошотуу
"Дагы бир учур, мен инспектор кезимде болгон, биздин кызматка бир адам кайрылды. Мыйзамсыз иштен бошотуу маселеси боюнча. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул адамга кырдаалды сотко жеткирбей туруп, кызмат ордуна калыбына келүүгө жардам бергем. Бүгүнкү күндө бул адам менен абдан жылуу мамиледебиз", – деп Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын башкармалыгынын башчыс көзүндөгү жылуулук менен эскерет.
Кайрылуулардын негизги темалары
Башкармалыктын башчысынын айтымында, адамдар көбүнчө эмгек акы төлөнбөгөндүгү, мыйзамсыз жумуштан бошотуу, ишканалардагы кырсыктар боюнча кайрылышат, көбүнчө бул кырсыктар жашыруун болот.
"Кыргыз Республикасынын 223-беренесине ылайык, Кызматка өз убагында кабарланбайт. Эгерде ишканада кырсык болсо, иш берүүчү бизге сөзсүз билдириши керек. Андан ары болгон окуянын негизинде биз комиссия түзөбүз, иликтөө жүргүзөбүз, ушундан соң кызматкер тууралуу корутунду беребиз", - дейт чиновник.
Көбүнчө комиссиянын курамына үч адис кирет - Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтеринин көз карандысыз борбордук федерациясы жана иш берүүчүдөн бир өкүл комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Эмгек мамилелери чөйрөсүндө ири жана чакан бизнестин жүрүм-турумунда айырмачылыктар барбы?
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ири ишканалар жоопкерчиликтүү мамиле жасап, негизинен мыйзамды сактаганы байкалууда. Чакан жана орто бизнесте эмгек мыйзамдарын толук аткаруу үчүн ресурстар жетишсиз. Кызмат өзүнүн тажрыйбасына таянып, ошондой эле ири компаниялар, эреже катары, атап айтканда, алардын алдында отчет берүү керек болгон акционерлерге, уюштуруучуларга маалымат жеткирүү зарылдыгынан улам көбүрөөк ачык экенин белгилейт.
Мындай ишканалар мыйзамдын талаптарына ылайык иш алып барышат. Ошол эле учурда кызматкерди "кыска жипте" кармап калуу үчүн (кызматкер келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жумушунан айрылып калуудан коркот, дайыма чыңалууда жүрөт) мөөнөттүү эмгек келишимдерин (алты айга, бир жылга) түзүү тажрыйбасы кеңири жайылган.
Бул чакан жана орто бизнес адам укуктарынын эл аралык стандарттарын иш жүзүндө колдонууну камсыз кылуу аракетинде мамлекет, эл аралык уюмдар жана бизнес-ассоциациялар тарабынан кошумча колдоого жана жардамга муктаж болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.
Жакшыртууга жасалган кадамдар
Эмгекти коргоо жаатындагы саясатты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги жүргүзөт. Ведомство БУУнун Жетектөөчү принциптеринин негизинде Бизнес жана адам укуктары боюнча аракеттердин улуттук планын (АУП) иштеп чыгууга катышат. Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү болуп саналат жана АУП андан ары ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен координациялоо иштерин жакшыртуу боюнча өзүнүн сунуштарын берет.
Ведомство башка коомчулуктар менен биргеликте инспекторлордун жана бизнес өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөрөт.
"Консультациялар бекер берилет, тескерисинче, биз муну чарбалык субъектилердин өкүлдөрү менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Эмгек кодексинин негизинде бизнести кантип жүргүзүү керек. Биз ар дайым ачыкпыз жана бизнес өкүлдөрүнөн жапа чеккендерге гана эмес, келечекте кызматкерлерди жумушка алгандарга да жардам берүүгө даярбыз, мисалы, кырсыктар жана эмгек чөйрөсүндөгү адам укуктарынын башка ченемдерин бузуу сыяктуу оор кесепеттерге жол бербөө үчүн", - дейт Кубаныч. Сыргабаев.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы менен http://trudnadzor.kg/ сайты аркылуу же Бишкек шаары, Москва к. № 197 үй (Үметалиев менен кесилишет) дареги боюнча байланышса болот. Сурап-билүү телефондору: 0(312) 454 40 59; 0(312) 45 40 57.
Түндүк региону боюнча аймактар аралык башкармалыктын даректери жана телефондору:
● Чүй облусу боюнча Маминспектор – Кара-Балта ш., Кожомбердиев к. 102, Тел:
0559 922 540
● Каракол ш., Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондору боюнча Маминспектор
– Каракол ш., Абдрахманов к. 105, Тел: 03922 500 31
● Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарлары боюнча Маминспектор, Ысык-Көл жана Тоң райондору – Чолпон-Ата ш., Советская к. 2, Тел: 0702 980 848
● Жумгал жана Кочкор райондору боюнча Маминспектор – Кочкор а., Исакеев к.
46, Тел: 0700 292 914
● Нарын ш., Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча Маминспектор – Нарын ш., Ленин к. 76, Тел: 03522 514 39
● Талас облусу боюнча Маминспектор – Талас ш., Бердике баатыр к. 287, Тел:
03422 551 59
Түштүк аймагы боюнча аймактар аралык башкармалык:
● Ош ш., Ноокат жана Араван райондору боюнча Маминспектор – Ош ш., Ленин к.
221, Тел: 03222 555 35
● Кара-Суу, Чоң-Алай жана Алай райондору боюнча Маминспектор – Ош ш., Ленин к. 221, Тел: 03222 555 35
● Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарлары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондору боюнча Маминспектор – Ноокен району, Масы а., Эшенкулов к. 43, Тел:
0700 740 606
● Кызыл-Кия ш., жана Кадамжай району боюнча Маминспектор – Кадамжай ш.,
Орозбеков к. 180 (а), Тел: 0772 341 245
● Таш-Көмүр, Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарлары, Токтогул жана Сузак райондору боюнча Маминспектор – Таш-Көмүр ш., Сыдыков к. 22, Тел: 03745 501 53
● Баткен, Раззаков жана Сүлүктү шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча Маминспектор – Сүлүктү ш., Раззаков к. 47, Тел: 0773 263 787
● Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча Маминспектор – Ала-Бука а., Ибраимов 37, Тел: 0558 838 346.
Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.
Автору: Манаева Айдай