Бизнес жана адам укуктары – бул адам укуктарын бузбай бизнесте акча табуу жөнүндө. Адам укуктары – бул ар бир адамга туулгандан тартып анын кадырына жараша таандык болгон укуктар жана эркиндиктер. Бул "Адам укуктарынын жалпы декларациясынын" эл аралык стандарттарында бекитилген жана анын негизинде кабыл алынган БУУнун документтеринин: "Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пакт" жана "Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын" укуктук ченемдери болуп саналат. Азыркы цивилизациялык дүйнө ушул концепциянын негизинде курулган. Ага ылайык адам эң жогорку баалуулук, өнүгүүнүн максаты жана куралы катары таанылат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам укугу адамдын татыктуу жашоосу үчүн кажет. Адамга карата эч качан кылбоо керек болгон, ошондой эле ар дайым жасала турган нерселер бар.
2011-жылы дүйнөлүк коомчулук тарабынан "Адам укуктары чөйрөсүндөгү ишкерлик ишмердүүлүгү жөнүндө БУУнун жетектөөчү принциптерин жүзөгө ашыруудагы иш-аракеттердин улуттук планы" – бул бүгүнкү күнү бизнестен күтүлгөн стандарт.
Бул маселе күн тартибинде абдан курч турат, анткени мамлекет тараптан өз аймагындагы оюндун эрежелери так аныкталган эмес. Мындан улам бизнес тармагы, керектөөчүлөр гана эмес, жалпы мамлекет да жапа чегип, анын айынан дүйнөлүк рынокко өз продукциясын туура чыгара албайт.
Мамлекеттер бизнес ар дайым ал тараптан болгон аракетсиздикти артык көрөт же пайдаланат деп кабыл албашы керек, бирок бизнес тарабынан адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү улуттук жана эл аралык, милдеттүү жана ыктыярдуу чаралардын рационалдуу топтомун кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуулары зарыл. Ар бир өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Жетектөөчү принциптерди жүзөгө ашыруу үчүн иш-аракеттердин улуттук пландарын (ИУП) түзүп чыгууну баштоо зарыл.
Буга чейин 31 өлкө бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын расмий түрдө жарыялаган же адам укуктары боюнча УИПке бизнес жана адам укуктары боюнча атайын бөлүмдү киргизген. Бул документ адам укуктарын сактоо боюнча ченемдерди жана милдеттерди ишке ашырууда мамлекет тарабынан ишкерлерден так көз карашты жана күтүүлөрдү камтыйт.
УИП деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
Бул саясий документ, анда мамлекет белгиленген темага карата эл аралык, аймактык жана улуттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн өзү жасай турган аракеттерин жана артыкчылыктарын тариздейт.
Адам укуктары чөйрөсүндөгү ишкерлик ишмердүүлүгү жөнүндө БУУнун жетектөөчү принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук пландары өкмөттөргө адам укуктары чөйрөсүндөгү компаниялардан күтүүлөрдү түзүүгө, ал эми компанияларга бул жаатта мамлекеттик колдоо алууга, адам укуктарын коргоо жаатындагы карама-каршы кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүүгө жардам берет. УИПтер ошондой эле бизнес чөйрөсүндө адам укуктары темасын мындай план кабыл алынган өлкөдө гана эмес, анын чегинен тышкары дагы жигердүү жайылтууга мүмкүндүк берет.
УИПтерди ар башка өлкөлөрдө даярдоо процесстин катышуучуларына тажрыйба алмашууга, бизнес жүргүзүү процессинде адам укуктарынын бузулушунун алдын алууга өбөлгө түзгөн алдынкы тажрыйбаларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-аракеттердин улуттук планы мамлекеттер үчүн Жетектөөчү принциптерди аткарууга тиешеси бар түрдүү мамлекеттик ведомстволордун ортосундагы координацияны жакшыртуу каражаты, ошондой эле ар кандай кызыкдар тараптардын ортосунда улуттук деңгээлдеги талкууларды өткөрүүнү шарттайт. Иш-аракеттердин улуттук планы улуттук саясатты жана ченемдик жоболорду иштеп чыгуу, ачыктыкты камсыз кылуу жана жетишилген прогрессти талдоо үчүн ийкемдүү, бирок структураланган куралы боло алат.
Мисалы, Ишкерлик жана адам укуктары маселелери боюнча жумушчу топ мамлекеттерге ушундай пландарды иштеп чыгууну сунуштаган. Европа комиссиясы Европа биримдигине мүчө болгон бардык мамлекеттерге иш-аракеттердин улуттук пландарын иштеп чыгууну сунуш кылган жана Европа Кеңеши өз мүчөлөрүнө да ушундай чакырык жасаган.
Негизги принцип - мамлекеттер адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө, иликтөө жана жазалоону натыйжалуу камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү аркылуу адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек.
Жумшак мыйзамга негизделген адам укуктары боюнча УИПти даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Кыргызстан эмне кылышы керек?
БУУЖП негизинде Ишкерлик ишмердүүлүгү жаатында адам укуктары боюнча УИПти даярдоону баштаардын алдында Кыргызстанда иштеп жаткан ченемдик-укуктук базаны комплекстүү баалоодон баштоо жана аны БУУнун жетектөөчү принциптери менен салыштыруу, эксперттик баалоодон кийин гана УИПти иштеп чыгууга киришүү зарыл.
УИПте аны ишке ашырууга, ошондой эле УИП алкагында конкреттүү милдеттенмелерди аткарууга кайсы мамлекеттик орган жооптуу экендиги так көрсөтүлүшү керек. Ал ошондой эле иштеп чыгуу жана жайылтууда өкмөттөр аралык катышууну камтып, баалоо жана отчеттуулук атайын механизмдерин түзүүгө же болбосо, альтернатива катары орундуулугуна жараша УИПти учурдагыларга интеграциялоого тийиш. УИП боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчиликти так бөлүштүрүү чоң мааниге ээ, анткени ансыз, же болбосо альтернатива катары, УИПти иштеп жаткандарга интеграциялоо зарыл болсо, кызыкдар тараптар Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенип, андан жоопкерчиликти талап кыла алышпайт. Бир жагынан УИП жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету жана анын таасирлери бизнес жана адам укуктары маселелерин жана аларды чечүү жолдорун үйрөнүү жана өркүндөтүү боюнча кайталануучу процесс үчүн абдан маанилүү.
Мамлекеттик органдар бизнес-ассоциациялар, Акыйкатчы Аппараты, кесиптик кошундар, ӨЭУ жана укук ээлери менен биргеликте коомго отчет бере турган жумушчу топту түзүүгө тийиш, мында ар бири бизнес чөйрөсүндө укуктук негизди жакшыртуу үчүн өз сунушун бере алат.
Ишкерлик ишмердүүлүгүндөгү адам укуктары боюнча УИПти жүзөгө ашырган чет мамлекеттерде кандай өзгөрүүлөр болду?
2023-жылга карата 31 мамлекет УИПтерин жарыялаган. Биринчилерден болуп Улуу Британия 2013-жылы, 2016-жылы алар өз өзгөртүүлөрүн киргизишкен. Он тогуз мамлекет иштеп чыгуу учурунда жана алты өлкө УИПти иштеп чыгууга кадам таштап жатышат. УИП түзүү боюнча аракеттерди жасап жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан, Азербайжан УИПти иштеп чыгуу процессинде турушат. Грузия адам укуктары боюнча аракеттердин улуттук планына бизнес жана адам укуктары боюнча бөлүмдү киргизген.
УИП бир катар дараметтүү артыкчылыктарга ээ. Аларды иштеп чыгуу өкмөттөр тарабынан бизнестин жана адам укуктарынын стандарттарын киргизүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алуусуна алып келет, бул улуттук мыйзамдарды, саясатты жана институционалдык практиканы эл аралык милдеттенмелерге жакшыраак "вертикалдуу" шайкеш келтирүүнү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү жана натыйжасында адам укуктарынын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
Кыргызстанда УИПти иштеп чыгуу үчүн кандай усулдук материалдарды пайдаланууга болот?
2014-жылдын июнунда Корпоративдик отчеттуулук боюнча эл аралык тегерек үстөл (International Corporate Accountability Roundtable, ICAR) жана Дания адам укуктары боюнча институту (Danish Institute for Human Rights, DIHR) баяндама жарыялашкан, анда өкмөттөр үчүн компанияларды адам укуктары жаатында жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга өбөлгөлөө боюнча сунуштамалар камтылган. Баяндаманын жоболорун ишкерлик ишмердүүлүгү жана адам укуктары чөйрөсүндө УИПти иштеп чыгууда, киргизүүдө жана кайра кароодо колдонууга болот. Анда мамлекет тарабынан БУУнун Жетектөөчү Принциптерин (БУУЖП) ишке ашырууну баалоо ыкмасы, ошондой эле УИПтин өзүн иштеп чыгуу жана баалоо методологиясы сунушталган.
Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгууга көмөктөшүү үчүн БУУнун адам укуктары жана трансулуттук корпорациялар жана башка бизнес ишканалары боюнча жумушчу тобу тарабынан даярдалган Атайын колдонмолору жарыяланган. Ал УИПти иштеп чыгуу процессине тартылган бардык кызыкдар тараптарга багытталган.
Кыргызстан дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин бири, бул жерде ичүүчү суусу, кереметтүү тоо кыркалары, эл аралык экспортко коопсуз сатыла турган экологиялык таза өндүрүмдөрү бар, бирок дүйнө тездик менен алдыга жылып, мамлекетибиз укуктук жактан негизги эл аралык стандарттарга жооп бербей жатканына байланыштуу биз бизнес тармагындагы адам укуктарын урматтоонун эң жөнөкөй көрүнгөн ченемдерин аткарбай туруп, өзүбүз жөнүндө кеңири айтуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатабыз.